БАШЫ БАШ, БАГАЛЧАГЫ КАРА ТАШ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)«Эмне болсоң ошо бол, өз убалың өзүңө, өз милдетиң өзүңдө» деген мааниде көбүнчө тил албай, кежирлик кылган кишиге карата колдонулат. Жок, атасын тартпай калды бул уул. Мейли, башы баш, багалчагы кара таш (Айтматов). Бирок баласы анысынан баш тартпаган соң «менден калган бир тукум экенсиң да, башың баш, багалчагың кара таш» дегендей нааразы (Медетов). Башың баш, багалчагың кара таш! Ач бел, куу жондо өл! (Айтматов).